www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Манас” эл аралык аэропортунда бүгүндөн баштап ири масштабда реконструкциялоону алкагында курулган аэробекет комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилди. Жаңыланган терминалдын ачылышына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн жана коноктордун жүрүү схемасы өзгөртүлүп, аэробекет имаратынын мурдагы кире бериши жабылды. Эми жаңы кирүү жана чыгуу жолдору комплекстин батыш тарабында жайгашкан.
Жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн эл аралык тейлөө стандарттарына жооп берген заманбап мейкиндиктер жеткиликтүү болду. Алардын катарына жаңы күтүү залдары, каттоо аймактары, жаңыланган стерилдүү зона, ошондой эле ыңгайлуу учуп келүү аймагы кирет. Ошол эле учурда бүгүндөн баштап аэробекеттин эски бөлүгү реконструкциялоо иштерине байланыштуу жабылат.
Аэробекетти реконструкциялоо аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана Кыргыз Республикасынын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча комплекстүү программанын бир бөлүгү болуп саналат. Бул программа мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун жана кабыл алынган Жарлыктын негизинде мүмкүн болду.
Жаңыланган аэробекет комплекси аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана Кыргызстанды аймактагы заманбап авиациялык түйүн катары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.