www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максим Бакиев жана аны менен кошо айыпталгандарга өкүм чыкканы боюнча Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка таянсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-майда мамлекеттик айыптоочу - райондук прокурордун жардамчысынын жана айыпталуучулардын жактоочусунун катышуусунда мурда сырттан соттолгон экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев, “Манас Банктын" акционери, латвиялык ишкер Валерий Белоконь, орусиялык Евгений Вербицкий, латвиялыктар Анита Лася, Юрий Качнов, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаев, кыргызстандыктар Сергей Костырин, Чолпон Иманалиевага байланышкан ишти карап өкүм чыгарды.
Ага ылайык, Максим Бакиев Кылмыш кодексинин 30-беренесинин 4-6-бөлүмдөрү, 303-берененин 2-бөлүмү,183-берененин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу райондук соттун 2016-жылдын 21-сентябрдагы өкүмү күчүндө калды. Бакиевге 50 эсеп көрсөткүчү өлчөмүндө айып пул салынып, мүлкүн конфискациялоо, жаза мөөнөтүн өзгөчө тартиптеги колонияда өткөрсүн деген чечим чыгарылды. Ал эми Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Ласяга күчөтүлгөн тартипте 20 жылдан берилди, Марат Алапаев 25, Чолпон Иманалиева сырттан 7 жылга соттолду.
Максим Бакиев жана аны менен бирге айыпталгандар коррупция жана Кыргызстандын компанияларынан уурдаган деген айып менен буга чейин сырттан соттолушкан.
Булак: «NazarNews.kg»