www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Британиянын премьер-министри Кейр Стармер жана Украинанын президенти Владимир Зеленский жакында АКШга расмий сапар менен бармакчы. Бул тууралуу француз өкмөтүнүн басма сөз катчысы Софи Прима жайында билдирди.
«Макрон Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри менен кайрадан Вашингтонго барат», - деди ал.
Ошол эле учурда Прима үч саясатчынын АКШга качан барарын ачыктаган жок.
Учурда тараптар Америкага барууга камданып жатканы белгиленген.
Буга чейин француз лидери социалдык түйүндөр аркылуу жакын арада учурдун маанилүү маселелерин жыйынтыктаган билдирүү тарата турганын билдирген. Кээ бир маалымат каражаттары жазгандай, бул сапар тууралуу маалымат Макрондун билдирүүсүнүн алкагында ачыкка чыгышы мүмкүн.
Эске сала кетсек, буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер менен биргеликте Украинада ок атышпоо планын иштеп чыгып, анын чоо-жайын ачыктаган.
Мухаммад Хадиев, Ташкен