www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз коому өзүнүн узак тарыхында ар бир доордун саясий дөөлөттөрүнө шайкеш руханий-адептик асыл нарктарга негизделген тарбия моделин тутунуп келишкен. Кыргыздардын жашоо образы, сүйлөө маданияты, кийген кийими, тамак- ашы, жашаган жери жалпысынан руханияты таза болгон. Ошондой эле табият менен таттуу мамиледе болуп, гармонияда турмушун өткөргөн. Элибиздин дагы бир өзгөчөлүгүн айта кетсек, учурунда ислам динин кабыл алып, беш маал намаз окуп, ыймандарын бекемдеп келген. Тарыхыбыздагы атактуу залкар акындарыбыздын ысымдарына назар салсак Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Карамолдо Орозов аталарыбыздын ата-бабалары ислам дини менен жашап өткөнүн айгинелеп турат. Ошол даанышман аталардын тарбиясын алган акын дастанчыларыбыздын оозеки насыйкат чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин окуу китеп беттеринде актуалдуулугун жоготпой келет. "Эл ичи өнөр кенчи" дегендей кыргыз элинен чыккан чыгаан уулдары Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Чынгыз Айтматов, Алымбек датка, Төлөгөн Касымбеков, Алыкул Осмонов дагы сөз учугун улай берсек өтө көп, калкыбыз үчүн кайдыгер болбогон залкар инсандарыбыз жашап өткөн. Ал эми тоо жүрөк Курманжан Датка энебиз өз мезгилинде Алайдагы кыргыз журтчулугун бир муштумга бириктирип душмандардын чабуулунан коргоп калган.

Ошол кездеги үй-бүлөдөгү таалим тарбия, туруктуулук, сабырдуулук, барга шүгүр, жокко каниет кылгандыгы, бири-бирине болгон сый-урмат, ырыскыларын ашырып, ошондой эле аталардын сөздөрү өтүмдүү болгонунун себебинен үй-бүлө очогу бузулбай турган. Эгерде үй-бүлөдө тынчтык болсо, бакыт да, байлык да, бала да болот эмеспи. Тилекке каршы, учурда андай баалуулуктар баардык эле үй-бүлөлөрдө сакталбай калгандыгынын себебинен ажырашуулардын саны көбөйгөндөн көбөйүп, арадагы балдардын жарым-жетимдикке кабылып жаткандыгы ачуу чындык.

Биз жашап жаткан доор жыйырма биринчи кылымдын биринчи чейреги. Технология, экономика, илим-билим жана башка тармактардын тездик менен өнүгүп келе жаткан учуру. Замандын өнүгүп-өсүүсү жаштарыбыздын жашоого болгон көз карашын, жүрүм-турумун, адеп-ахлагын, ой жүгүртүүсүн улуу муунга салыштырмалуу бир топ өзгөрттү. Бир тараптан караганда биз жашап жаткан мезгил алда канча жеӊил жана жашап жаткан үйлөрүбүздө баардык шаттар бар. Бир жерден экинчи жерге жетүүдө маселе жок. Жеӊил машинадан тартып, асманда учкан самолет, верталетторго чейин адамзаттын кызматында. Дүйнөлүк экономиканын ылдам өнүгүүсүнүн натыйжасында, адамзаттын жашоо сапатын жакшыртты десем жаӊылбайм. Бирок экинчи тараптан дагы бир орчундуу маселени айтып кетпесем болбойт. Ийнени капка жашыра албайсыӊ дегендей бүгүнкү күнүбүздүн бир бөлүгү болгон уюлдук телефон маселеси. Бир жагынан жашообузду жеӊилдетсе, экинчи жагынан зыяндуулугу ашып түшөт. Замандын талабына ылайык ар бир баладан тартып чоӊ ата- чоӊ энелерибизге чейин жетти.

Эки жашка чейин баланын мээси үч эсе тез өсөт. Ата–эненин баласы менен сүйлөшүүсү анын мээ клеткаларынын калыптанышына жардам берет. Бирок балдарга жаш кезинен тынчыраак отуруусу үчүн уюлдук телефон карматып коюшат жана бул түзүмдөгү кыска музыка, видео, оюндар баланын аӊ сезимин өстүрбөстөн, тескерисинче менталдык жактан жабыркатып тирүүнүн өлүгүнө айланат.

Натыйжасында баланын уюлдук телефондон алыстатуу кыйынга турат. Экрандан чыккан жарык нур уйку гормондорунун иштешине таасир этип уйкунун цикли бузулат. Эгер алардын колунан уюлдук телефонду тартып алса же ойноп жатып экран өчүп калса, заматта ызы-чуу чыгарып жиндене баштайт. Мындан бала агрссивдүү болуп чыга келет. Статистикага таянсак канадалык ар бир алтынчы бала психикалык орууларга дуушар болгону айтылат жана алар дайыма профессионалдык жардамга муктаж болууда. Көпчүлүк балдардын балалыгы, жаштардын жаштыгы телефондогу жосунсуз жоруктарды, керексиз оюндарды ойноо менен өтүп баратат.

Клиптомания же кыска видеолорду көрүү алардын мээсинде адатка айланып узун чыгармаларды окууга сабыры чыдабай бат эле тажап кетүүсүнө алып келет. Учурдагы тукумсуздук, балдардын ара төрөлүүсү, өспүрүмдөрдүн психологиясынын бузулуусу жана андагы радиация нурлары баланын мээ өрчүүсүн токтотоосу, убакыттын ысырапкерлигинин баары колубуздагы уюлдук телефон менен байланыштуу.

Баланын организми кыймыл аракет менен булчуӊ клеткаларынын өсүүсү 6 айлыгынан 12 жашка чейин эӊ жакшы калыптанат. Эгер ушул куракта балдарда кыймыл-аракети аз болсо, булчуӊ клеткаларынын өсүүсү начарлап, ашыкча салмактуулук кошуп натыйжада кант диабетине чалдыгуусу мүмкүн жана иммунитетинин түшүп кетүүсүнө да себеп болот.

Сиз азыр 30 жашта болсоӊуз дагы 30 жылдан кийин 60 жашка чыгасыз, ошол убакта өзүӊүз оорукчан болуп араӊ жүрсөӊүз, дагы кошумча оорукчан бала же кыздын эмне кереги бар.

Урматтуу ата-энелер!

Кулагыӊыздарга күмүш сырга, эгерде балдардын менталдык жактан дени сактыгын кааласаӊыздар телефон бербеӊиздер.

Бул жагымсыз көрүнүштү кайтарууда ата-энелер, мугалимдер, аалым–уламалар жадакалса, коом дагы бул мезгил шамалына туруштук бере албай жаткандыгы айдан ачык. Бир гана Алладан жаштарыбыз үчүн ыйман алардын келечегинин жаркын болуусу үчүн дуба кылгандан башка арга жок.

«Уюлдук телефондун терс жагы» - деген темада жаш акындын калемине таандык төмөнкү ырга маани берсек туура болоор.

Баарыбызды жипсиз чырмап байлаган,

Чындыгында эыяны көп пайдадан.

Телефондун терс жактарын айтайын,

Улуу кичүү бары бирдей кармаган.

 

Технология өнүккөн бул заманда,

Китеп сымал акыл бербейт адамга.

Эмнегедир түйшөлөмүн ойлонуп,

Телефондор үйрөтчүдөй жаманга.

 

Ойлонуп биз акыл менен баштабай,

Өзүбүздүн илимибиз баркталбай,

Ачып эле телефондон сурайбыз,

Гугл сымал мээбизде сакталбай.

 

Көздөрүнүн бузулушун ойго албай,

Кайдыгерлик, тоготпостук кылгандай.

Келечегин ойлобостон балдардын,

Колдоруна карматабыз бул кандай?

 

Оюндардын түрүн ойлоп жаш балдар,

Өлтүрүшүп бирин бири аткандар.

Ойнойт тура кырктан жашы ашкандар.

Үйдө дагы чогу олтуруп сүйлөшпөй,

Тынч болгун деп балдарды да сүйлөтпөй.

 

Ата- энелер телефонду карашат,

Балдарына акыл айтып үйрөтпөй.

Телефондун жаман жагы жөнүндө,

Айттым бирок ,албагыла көӊүлгө.

Билишсин деп жаздым жакшы жаманын,

Пайдалуусун алып жаша өмүрдүн!

Жалпы эле адамзаттын тарыхына көз чаптырып карай турган болсок, кайсыл бир коомдо бузукулук, уятсыздык, текеберлик күчөп кетсе ошол коомду суу баскан, асмандан таш жааган, жердин жутуп кеткени, жер титирөөлөр адамдардын жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарбаганынын себебинен Алла Таала тараптан ар түрдүү азаптар жөнөтүлүп турган. Пайгамбарыбыз С.А.Вдын хадистеринде келет: «Бир күнү тозок важип болуп калган адамды көтөрүп кетип жатканын көрүп ыйлады. Мен тирүү туруп бул адам тозоку болуп калды, мен динге алып келе албадым» - деп каттуу кайгырды. Бирок азыр кимдир бирөөнүн башына кайгы түшсө, сүйүнө турган деӊгээлге жетип калдык.

Балдар билим–тарбия маданиятты мугалимден алып, китептен окуп эле калыптанбайт. Биринчи кезекте үй-бүлө, ата-энени көрүп калыптанат. Башкача айтканда «Сөз чакырат үлгү ээрчитет»-деген макалда айтылгандай адамгерчиликтин, маданияттын үлгүсүн балдар үй-бүлөдөн да алат. Баладан мурда ата –энелер да уюлдук телефонду чектөөсү керек деп ойлойм. Бул саясатты айыл аймак, район, област жана мамлекеттик деӊгээлде колдоп берсек балдарыбыздын менталдык жактан жабыркоосунан сактап калабыз.

Сөзүмдүн жыйынтыгында, өсүп келе жаткан балдарыбызды чырпыктай кезинен туура тарбия берип, илим-билимине инвестиция салып, тарыхыбызды таанытып өзүбүз да аларга үлгү болсок, буюрса келечекте кыргыздын чыгаан уул-кыздары өсүп жетилет деген ишенич бар.

БатМУнун Педагогика жана коммуникациялар колледжинин англис тили окутуучусу К.А. Алимбаева

Последние новости