www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен былтыр өлкө боюнча майыптыгы барларды караган 13 миң 987 адамга эмгек акы берилген. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  алар 14 миң 287и майыптыгы бар кишилерди жана балдарды карайт.

Мыйзамга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң ата, чоң эне, бир тууган жана бир тууган ага-инилер, багып алуучу ата-эне) же 65 жаштан ашпаган, майыптыгы жана балдарга карата кылмыштары боюнча соттуулугу жок жана тиешелүү окуудан өткөн башка адамдар жеке көмөкчү боло алышат.

2022-жылдын 1-июнунан тартып майыптыгы бар балдар гана эмес, бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар 18 жаштан өткөн жарандар да жеке көмөкчүнүн кызматын ала алышат. Майыптыгы барларды карагандарга айына 6 миң 268 сом акы берилет.

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча майыптыгы бар балдардын саны 35 миңден ашуун. Алардын 6 миңдейи такай кароого муктаж.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости