www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Паспорт бөлүмдөрү качан иштеп баштайт?

1-январдан 7-январга чейин республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү иштебейт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги айтты.

  «Азия Молл» соода борборунда (Айтматов проспекти, 3) жана «Глобус» гипермаркетинде (Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында) жайгашкан кичи калкты тейлөө борборлору,  пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсү, 381 дарегиндеги калкты тейлөө борборлору жана башкалар 8-январдан тарта кадимки режимде иштеп баштайт.

Министрлик Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болорун белгиледи. Республика боюнча 36 ири жана 5 кичи калкты тейлөө борборлору бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости