www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Жайыл Русланов парламентте көп аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканы боюнча маалыматты четке какты. Русланов Фейсбук баракчасына социалдык тармактарга тарап жаткан билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын жазды: “Туура эмес маалыматтарды жайылтып, элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз”, - деп жазды Русланов.

Мунун алдында социалдык тармактарда Жогорку Кеңеш эки аял алууга уруксат берген мыйзам долбоорун даярдап жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган. Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости