www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында кызматтын түзүлгөндүгүнүн 108 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага ИИМдин жетекчилиги, учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлер жана кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери катышты.
Өздүк курамды ИИМ жетекчилигинин атынан министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев куттуктады. Ал кылмыш иликтөө кызматынын коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Анын айтымында, кызматкерлерге кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштарды ачуу, жарандардын укуктарын жана мүлкүн коргоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыш жасаган адамдарды жана дайынсыз жоголгон жарандарды издөө сыяктуу маанилүү милдеттер жүктөлгөн.
«Кылмыш иликтөө кызматы ички иштер органдарынын тутумундагы негизги кызматтардын бири. Кызматкерлер күн сайын кылмыштардын алдын алууга жана бетин ачууга, шектүүлөрдү издөөгө, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандардын жүргөн жерин аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшөт», — деди Нурбек Абдиев.
Салтанатта кылмыш иликтөө кызматынын калыптануу жана өнүгүү тарыхына да токтолуп, анын кызматкерлери ар дайым жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, жарандарды мыйзамсыз кол салуулардан коргоого салым кошуп келгени белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин аткарууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер ИИМдин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.
ИИМдин жетекчилиги кызматкерлерге жана ардагерлерге кесипкөйлүгү, кайраттуулугу жана кызматка берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.