www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ливандын курама командасын жеңип алды.
Жолдоштук беттеш 4-октябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Урмат Абдукаимовдун шакирттери биринчи эле бөлүктө атаандашынын дарбазасына жоопсуз эки гол киргизди. Одилжон Абдурахманов менен Алимардон Шүкүров айырмаланды.
Экинчи бөлүктө атаандаш бир гол киргизгени менен, Кыргызстандын курама командасы эки мүнөттөн кийин өз голу менен жооп берди. Шүкүров топту атаандаштын айып аянтына багыттаганда, Ливан курама командасынын капитаны топту өз дарбазасына киргизип алды.
Беттештин соңку эсеби — 3:1, Кыргызстан жеңди.