www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын маалыматтык коопсуздук борбору ачылды

Бүгүн, 2026-жылдын 23-мартында, "Маалыматтык коопсуздук борбору" мамлекеттик мекемесинин административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ж.К.Шабданбеков катышты.

Стратегиялык мааниси:

Борборду түзүү заманбап глобалдык чакырыктарга жооп болуп саналат жана улуттук киберкоопсуздук системасын жана өлкөнүн бүтүндөй санариптик инфраструктурасынын санариптик коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эсептелет. Мекеме өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт.

Борбордун негизги тапшырмалары:

Мамлекеттик сектор үчүн менчик программалык жана аппараттык чечимдерди иштеп чыгуу, ошондой эле аларды сертификациялоо жана колдоо.

Мониторинг жүргүзүү жана ыкчам жооп кайтаруу.

Чечимдерди иштеп чыгуу: Мамлекеттик жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди түзүү.

Экспертиза: Мекемелердин аракеттерин координациялоо жана коопсуздук тармагында жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо.

Инфраструктура жана мүмкүнчүлүктөр:

Жаңы имарат жогорку технологиялык бөлүмдүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоорлонгон. Объект заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен толук жабдылып, эксперттердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга натыйжалуу каршы турууга гана эмес, республиканын критикалык мааниге ээ санариптик кызматтарынын туруктуулугун камсыз кылууга да мүмкүнчүлүк берет.

Аталган салтанаттуу иш-чарага төмөнкүлөр да катышты:

• Кыргыз Республикасынын УКМКсынын жетекчилиги жана ардагерлери; 

• Профилдик мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү. 

Маалыматтык коопсуздук борборунун административдик имаратынын ачылышы жарандар, бизнес жана мамлекеттик институттар үчүн корголгон санариптик чөйрөнү түзүүдө мамлекеттин артыкчылыгын тастыктайт.

 

Последние новости