www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Фучик көчөсүндөгү үй кооптуу деп табылды

Бишкек шаарынын Фучик көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан беш кабаттуу турак үй жашоого кооптуу абалда деп табылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көп кабаттуу турак үйдүн сырткы көрүнүшү авариялык абалда экендиги тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн. Мындан улам адистер барып, имаратты текшерип чыгышты.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, имарат көп жылдар бою туура эмес эксплуатациялоонун жыйынтыгында ичиндеги түтүктөр (инженердик тармактар) өз убагында оңдолгон эмес.

Мунун кесепетинен:

Үйдүн дубалдарынан жаракалар кеткен;

Темир бетондон жасалган шыптары чирип баштаган.

Белгиленгендей, изилдөө иштери толук бүткөн соң Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан акыркы техникалык корутунду берилет.

Адистер үйдүн техникалык абалы тууралуу маалыматты жашоочуларга жана Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүштү.

Последние новости