www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Беларустан Данияр Үсөновдун коомчулукка ачык пайда болушун талап кылып, ТИМ аталган мамлекеттин Бишкектеги элчисин чакырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Анда кыргыз тарап Беларустагы мамлекеттик иш-чарада Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн жана сыртынан соттолгон Данияр Үсөновдун катышканы боюнча түшүндүрмө сурады.

Беларусь элчисине мындай кадам эки өлкөнүн буга чейинки достук мамилесине доо кетирери айтылган.

"ТИМ мындан улам элчиге тиешелүү нота тапшырып, аталган адамдын, Беларустагы ага тиешеси барлардын токтоосуз кармалышына чара көрүп жана Кыргызстанга экстрадиция кылууга чакырды", —  деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-августта Беларусиянын өлкө башчысы Даниил Урицкий менен жолугушуудагы сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости