www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таксисттердин лицензияларын текшерүү иштери 2026-жылдын 1- февралына чейин жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, буга чейин ЖКККББнын бөлүмдөрүндө лицензия алууну каалаган жарандардын узун кезеги пайда болуп, анын кесепетинен керектүү документтерди белгиленген мөөнөттө даярдоого үлгүрбөй жатышкандыгы тууралуу кайрылуулар түшкөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев билдиргендей, лицензия берүү иштери ишемби күндөрү да улантылат. Ошондой эле түшкү тыныгуунун убактысы кыскартылат.

Республика боюнча ЖКККББнын бардык бөлүмдөрүндө такси ишмердүүлүгүнө лицензия берүү иштери уланууда.

Последние новости