www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалган парламенттин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алынды.
Бул тууралуу Шайлообек Атазовдун жакын санаалашы, сотко катышкан Руслан Бекназаров "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, бөгөт чарасын кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жетиден ашык киши алып келинген.
Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын эки киши менен бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга тараган.
Ушул эле күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады. Мекеменин маалыматында, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.
Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Камакка алынгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, ишкер Урмат Барыктабасов да бар.