www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 30-январында Ысык-Ата РИИБге 1994-жылы туулган Д.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 19-январында белгисиз жаран «Lalafo» интернет-тиркемеси аркылуу өзүн сатып алуучу катары тааныштырып, онлайн-платформа аркылуу арыз ээси менен кат алышууга киргенин билдирген. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу кылмышкер ага таандык болгон 15 баш койду эч кандай төлөмсүз алып, материалдык зыян келтирген. Келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 435 000 сомду түзгөн. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1995-жылы туулган - Ш.Ш. аттуу жаран аныкталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ал кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган мал шектүү тарабынан кайра сатылып, алынган акча каражаттары жеке муктаждыктарына жумшалганы аныкталган.
Тергөө улантылууда.
 

Последние новости