www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна жаран Л.Т. жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2026-жылдын 27-январында белгисиз адамдар ар кандай телефон номерлерин колдонуп, жабырлануучу менен байланышып, өздөрүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын, ИИМинин жана Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жаранды адаштыруу жолу менен анын атынан террористтик уюмдарга акча каражаттары которулгандыгын айтып, буга байланыштуу ага карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдиришкен.
«Кылмыш жоопкерчилигинен сактап калуу» жана «акча каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу» деген шылтоо менен кылмышкерлер жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүп, каржылык операцияларды жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен. Натыйжада жаран өзүнө таандык батирин сатып, алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча банктык реквизиттерге жалпы суммасы 10 600 000 (он миллион алты жүз миң) сом акча каражатын которууга мажбур болгон.
Кийинчерээк аталган адамдар алдамчылар экени аныкталып, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209(өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүктөрүн жана чыныгы жайгашкан жерлерин аныкташты. Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, 2000-жылы туулган А.К., 2004-жылы туулган С.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын башка жагдайларын аныктоого, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды табууга багытталган ыкчам-издөө жана техникалык иш-чараларды улантууда.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын ИИББгы эскертет: укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү эч качан жарандарга телефон аркылуу акча которууну, насыя алууну же мүлктү сатууну талап кылып кайрылышпайт.
Мындай чалуулар келип түшкөн учурда сүйлөшүүнү дароо токтотуп, ички иштер органдарынын жакынкы бөлүмүнө же 102 телефону аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.