www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай лидери Си Цзиньпин элин тамак-ашка ысырапкорчулукту токтотуп, үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Кытай лидери кайрылуусунда тамак-ашка ысырапкорчулук менен мамиле көңүл оорутарлык болуп жатканына токтолду.

"Азык-түлүк ыгы жок коротулуп жатканын токтотуу үчүн тыкыр көзөмөл кылып, кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдын деңгээлинде бекитүү керек болуп турат. Тамакты үнөмдөөнү сыймык катары көрсөтүп, ар бир адам дасторкондо өзүн чектей билгенди адатка айлантышы зарыл", — деди Си Цзиньпин.

Ошондой эле, Кытайда буудай өндүрүү жылдан жылга өсүп баратканына карабай, тамак-аш коопсуздугу жагында коркунучтар дайыма бар экенин унутпоо зарыл. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости