www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Абу-Сахий эл аралык жүк ташуучулар транспорттук компаниясынан гуманитардык жардам келди. Бул жардамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабыл алды. 

Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардам:

-    Механикалык жасалгасы менен 328 даана оорукана керебети;
-    Санарип термометр 800 даана;
-    Медициналык кол каптар 42,0 миң даана;
-    Медициналык бет каптар 136,0 миң;
-    Тест топтомдору 33,0 миң даана;
-    Антибактериалдуу кийимдер 780 даана;
-    Дезинфекциялык чачыраткычтар 33 даана;
-    Жасалма дем алдыруучу аппарат 8 даана;

Бул келген жардам толугу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Жардам министрлик тарабынан баардык региондорго муктаждыкка жараша таратылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости