www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү обончу жана аткаруучу Айбек Карымов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына маркум Элмирбек Иманалиев тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Элдин баары эле эки жүздүү болуп калганбы? "Элмирбекти спец больница албай коюп, эки саат машинада жүрүп калды", - деп, мага деле айтышкан. Баары актанып башташты го!", - деп Айбек Карымов жазган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 21-апрель күнү Элмирбек Иманалиевдин досу Кубат Болотканов жана шакирти Асылбек Маратов “Азаттыкка” берген маегинде маркумду “Бишкетиги ооруканалар кабыл албай коюшкан” деп айтышкан. Ушундан улам, коомчулукта кайчы пикирлер жаралган.

Эске сала кетсек, ак таңдай белгилүү акыныбыз Элмирбек Иманалиев 20-апрелде бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. 22-апрель күнү анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости