www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Let's Do It" эл аралык уюмунун штаб-квартирасы Кыргызстанга, кыймылдын өлкөлүкөнөктөшү - "Эко Деми" фондуна жеңиш жөнүндө жана катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирүү менен расмий кат жиберген. Кайрылууда жетекчи Ева Труверк биздин өлкө "Let's Do It" ири акциянын бөлүгү болуу менен планетаны глобалдык булгоого каршы күрөшүүдө олуттуу салым кошкондугун жана дем берүү үчүн булак болгондугун белгиледи.

Ева Труверк "Let's Do It" ӨЭУ башкаруунун Төрайымы: "Let's Do It" Эл аралык уюму Кыргыз Республикасынын Президентине жана Премьер-министрине, КР Президентинин Аппаратына, КР Өкмөтүнүн Аппаратына, ошондой эле "Дүйнөлүк тазалык күнү" акциясын уюштуруучулары - "Эко Деми" КФ командасына 180 өлкө жана 58 миллиондон ашык волонтёр катышкан глобалдык экологиялык акцияны колдонгондугу жана катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Жалпыны мобилдештирүү аркылуу 624 000 адамды, башкача айтканда Кыргызстандын дээрлик 10% чогултуу мүмкүн болуп, бардык катышуучу-өлкөлөрдүн ичинен эң чоң пайыздык көрсөткүч болду. Кыргызстан катышуучу 180 өлкөнүн ичинен биринчи орунга ээ болду жана бардыгыбыз үчүн мисал жана дем берүү булагы болду".

Коомдук колдонуудагы жерлерде, ошондой эле жаратылыш парктарынын жана көлмөлөрүнүн территорияларында топтолгон таштандылардан планетаны тазалоо боюнча дүйнөлүк акция 21-сентябрда болуп өттү. Бул күнү бир эле учурда планетанын кош көңүл болбогон 58 миллион жашоочусу таштандыларды тазалоого чыгышты, алар өздөрүнүн экологиялык жашоо мүнөзүн, курчап турган чөйрөнүн тазалыгын, кийинки муундар үчүн Жердин тазалыгын сактоого умтулуусун көрсөтүштү.

Кыргызстанда жалпы республикалык ишембиликке өлкөнүн жалпы калкынын 10% катышты. Кыргызстандыктар биргелешип бир күндүн ичинде 9 тоннадан ашуун таштанды чогултушту. Алар дароо сорттолгон, бир бөлүгү - пластик жана айнек кайрадан иштетүүгө жиберилген, ал эми калган бөлүгүн муниципалдык таштанды полигонуна жеткирилген.

Дүйнөлүк "Ишке ашыралы!" кыймылынын расмий өлкөлүк өнөктөшү катары "Эко Деми" коомдук фонду чыккан. Кампанияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана Өкмөтүнүн Аппараты, 7 000 ден ашуун коомдук жана коммерциялык уюмдар, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн көбү колдошту. Акцияга карата даярдык бир нече ай жүргүзүлгөн, ал убакыттын ичинде "Эко Деми" фонду өнөктөштөрдүн жана волонтёрлордун жардамы менен бардык областтарда жума сайын ишембиликтерди өткөрүп, көйгөйлүү зоналарды аныктап, муниципалдык органдар менен иш алып барган.

Кыргыз Республикасы биринчи жолу глобалдык ишембиликке 2018-жылы кошулган. Акцияны 400 000 жакын адам - кош көңүл болбогон жарандар, мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлери, ишкерлер, кичи жана ири бизнес өкүлдөрү, коомдук пикирдин лидерлери колдошкон. Бардыгы 5 миңден ашуун уюм. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын областтарынан жүз миңдеген катышуучулар таштандылардан 90дон ашык локацияларды, анын ичинде суу сактагычтар, капчыгайлар, парктык зоналар, токой тилкелерин жана каналдарды бир күндүн ичинде 8 миң тонна таштандыны чогултуу менен тазалашкан, анын жарымын пластик, төрттөн бир бөлүгүн - айнек, калган 25% - башка калдыктар түзгөн.

Let's Do It - биздин планетаны таза жана курчап турган чөйрөнү коопсуз кылууну каалаган адамдарды жана уюмдарды дүйнө жүзү боюнча бириктирүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн глобалдык жарандык кыймылынын дүйнөлүк тармагы. Эл аралык уюм Бириккен улуттар уюмунун курчап турган чөйрө боюнча Программасы тарабынан (www.unep.org) колдоого алынат жана катуу калдыктар боюнча Эл аралык уюму жана башка көптөгөн өнөктөштөр менен кызматташат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости