www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын   ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

Жогоруда көрсөтүлгөн жоболор 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы аныкталган күнгө карата жашы жете элек балдарга жайылтылат (башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-августундагы № 149 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып).

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости