www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо» жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыктоо.
Кабыл алынган Мыйзамдын 2-беренеси боюнча жогоруда берилген Келишимдин күчүнө кириши үчүн аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg