www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК буга чейин экс премьер министр Темир Сариевди суракка чакырып келген. ТЭЦтеги коррупция элементтерге күбө катарында. Айрым маалыматтар боюнча алсак, Сариев өкмөт башчы болуп турганда дал ошол коррупциялык шектүү аракеттерге каршы чыкканы, жеке абийири үчүн таза иштегени айтылып келет. Анда неге сүрмө топ менен аралаштыра суракка чакырууда? Бул жагын ар кандай өңүттө божомолдосок болот.

Убакыт өткөн сайын Темикенин популярдуулугу өскөнү, президентттик шайлоодо көпчүлүк катмар Өмүрбек Бабановго алданып, ага ооп кеткени, аныгында, чыныгы каарманыбыз баштаган ишинин аягына чыкканы, аламанда жеңилсе да туруктуулугун, тайманбастыгын көрсөтүп күрөшкөнү алкоого арзыйт. Албетте, каржылык жагынан аксаганы үчүн гана утулду эй. Бул жагын элдин баары түшүнүүдө. Ортодон Сариевди Бишкек мэрине татыктуу экенин ЖМКлар жазышып, карапайым эл да колдоого алганына күбө болдук.

Каарманыбыз саясый активдүүлүгүн күчөтпөсө деле коомчулук тарабынан көзгө көрүнүп атса, балким ошон үчүн «сурак» менен демин суутуп коюуну ойлошконбу? Жо-ок, Темике 2007-2010-жылдары кылчайнашкан саясый кырдаалдарда күрөшчүлдүгүн, эрктүү жана бекемдигин көрсөтүп, эл тарапта болгону – баскан жолундагы ийгилиги катары саналат. Эң башкысы, ал саясый оор сыноолордон өткөн.

Ишенимдүү, таза лидер! Бүгүнкү сурак иштерине терикпейт деле, болгону мыйзамды сыйлап атат. Айтмакчы, мурдагы бийлик Чүйдүн Канатбек Исаев сыяктуу тыңчыкмаларын куугунтуктап, түрмөгө тыгып, корсунтуп келген. Эгер бу саам да эски катачылыктар кайталанса, анда араң турган калың эл аянбайт, баасын берет… Берип да келген…

Кубат Карачев

Булак: “Азия ньюс”

Последние новости