www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасында болуп, Азербайжан Армиясынын 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн аскер парадына катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – республиканын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдеттерин аткаруучу Ремиз Мехтиев менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташтык маселелери жана Азербайжан Президентинин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапары талкууланды.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда эл аралык терроризм, экстремизм көрүнүштөрүнө, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алмашуу маселелери каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости