www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын жардамчылары кабарлашты.

Келдибаев Кадыралиеванын үстүнөн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна арыз жазып, "ар-намыс жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 7 млн сом талабын канааттандырып берүүнү" суранды.

20-июнда Кадыралиева Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны" деп билдирген жана Орусия аймагында ага тиешелүү бир нече фирма бар экенин айткан.

Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

Ал "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости