www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын 2027-жылга республикалык бюджетинин кирешеси 728,3 млрд сом, чыгашасы 695,8 млрд сом деп болжолдонууда. Финансы министрлиги даярдаган бюджет долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Кирешенин негизги бөлүгү салыктардан түшөт. 2027-жылы салыктык кирешелер 575,7 млрд сомго жетери күтүлүүдө. Анын ичинен кошумча нарк салыгы (КНС) 194,8 млрд сом, эл аралык соода салыктары 125,4 млрд сом алып келет деп болжолдонгон.
Бюджеттин чыгашаларынын ичинен жалпы мамлекеттик кызматтарга 220,7 млрд сом, экономикага 192,5 млрд сом, билим берүүгө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого 77,4 млрд сом жана социалдык коргоого 47,3 млрд сом бөлүү каралган.
Экономиканын өсүшү 2027-жылы 10 пайыздан төмөн болуп, инфляция 2026–2029-жылдары орточо 7,8 пайызды түзөт деп күтүлүүдө.
Ошол эле учурда мамлекеттик карызды тейлөөгө 2027–2029-жылдары жалпысынан 429,5 млрд сом жумшалат. Анын 160 млрд сому тышкы карызга туура келет.
Финансы министрлиги бюджеттин кирешеси чыгашадан 32,5 млрд сомго көп болорун болжолдоп, өлкөнүн экономикасы үчүн тышкы карыз, инфляция жана алтындын дүйнөлүк баасы негизги тобокелдиктер бойдон каларын белгилеген.