www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматында, 29-февралга карата Кыргызстанда кызамыкка чалдыккан адамдардын саны 4078ге жетти.

Илдетти жуктургандар Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында арбын.

Бишкекте - 1 207, Ош шаарында - 226, Ош облусунда - 602, Баткенде - 100, Чүйдө -961, Жалал-Абадда - 803, Ысык-Көлдө - 65, Нарында - 46 адам.

Ооругандардын 85% он жашка чейинки балдар.

20-30 жашка чейинки 196 адам, 30 жаштан улуу 162 адам кызамыкка чалдыккан.

Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 27-февралда 264 500 доза вакцина алынганын, ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Эмдөө илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунда жүргүзүлөт. Эмдөөнүн экинчи этабы 9 айлык наристелерден тартып 7 жаштагы балдарга чейин эмделет.

Былтыр илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартып жатышканы себеп болгонун белгилөөдө. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында Бишкек шаарында башталган. Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учурлар да катталганы кабарланган.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости