www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен Орусиянын жетилген жана бекем мамилелери үчүнчү тараптардын таасирине дуушар болбойт, деп билдирди Кытайдын тышкы иштер министри Ван И басма сөз жыйынында.

"Кытай менен Орусиянын жетилген, туруктуу жана бекем мамилелери бир заматта өзгөрүп кетпейт, алар үчүнчү тараптардын кийлигишүүсүнө дуушар болбойт", – деди Ван И Кытайдын Жогорку эл өкүлдөр жыйынынын (ВСНП) жылдык сессиясынын алкагында өткөн маалымат жыйынында.

Ал белгилегендей, Бээжин менен Москванын мамилеси жакын коңшулукка үлгү болуп саналат.

Тышкы иштер министри ошондой эле Орусия менен Кытайдын достугу эл аралык кырдаалга көз каранды эместигин, ал эми жакшы коңшулук мамилелерди сактоо эки элдин негизги кызыкчылыктарына жооп берерин баса белгиледи.

Украинадагы согуш жөнүндө эмне деди?

Ван И Украинанын аймагында тынчтык орнотуу үчүн бардык оң аракеттерди Кытай колдой турганын билдирди.

"Украинадагы жаңжал үч жылдан ашуун убакыттан бери уланууда. Өткөн окуяларды карап көргөндө, бул трагедияны болтурбоо мүмкүн экенин айтууга болот. Бардык тараптар бул кризистен сабак алышы керек", – деди ал.

Ван Инин дагы кандай билдирүүлөрү болду?

Украинадагы жаңжалдын алдын алууга мүмкүн болчу, бардык тараптар сабак алышы керек;

Бардык тараптар, пикир келишпестиктерге карабастан, Украинанын туруктуу тынчтык келишимине жетишүүнү каалайт;

Украина кризисинин себептери татаал жана көп кырдуу, жаралган "музду" эритүү үчүн убакыт талап кылынат;

АКШ да Кытайды басым алдында кармап, ошол эле учурда мамилелерди өнүктүрө алам деп иллюзияга алдырбашы керек;

Эгерде АКШ басымды уланта берсе, Кытай сөзсүз түрдө катуу жооп кайтарат;

Бир нече өлкөнүн эл аралык иштерди монополиялаштыруусуна каршы туруу зарыл;

БРИКС глобалдык Түштүктүн ишенимдүү өнөктөшү жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү болуп калды.

Кытайдын жогорку мыйзам чыгаруу органы болгон Жогорку эл өкүлдөр жыйынынын (ВСНП) 14-чакырылышынын үчүнчү сессиясы 6-мартта Пекинде ачылып, 11-мартка чейин уланат.

Последние новости