www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМК.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө карата опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
«Тергөөнүн жүрүшүндө улук тергөөчү, милициянын майору А.К.М. кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИББнын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.
5-мартта УКМК менен ИИМ кызматкерлери А.К.М.ны 5 миң доллар акча алып жаткан жеринен кармашты.
Ошондой эле ал тергеп жаткан иште кылмыштын курамы жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиз жок болуп чыкты», - деп айтылат расмий маалыматта.