www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-сентябрда “Биринчи радиодогу” маегине таянып “Азаттык” жазып чыкты. 

“Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт деген маалыматтар туура эмес. Бирок үнөмдөш керек. Азыр тойканаларда да бул тууралуу жарыялар кетип жатат”,-дейт министрдин орун басары. 

Талайбек Байгазиев үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн айтты. Ал эми акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлөт.
Министрдин орун басарынын сөзү боюнча, быйыл “Токтогул” гидроэлектр станциясында (ГЭС) суу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд куб метр аз топтолду. Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилинде Россия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Анын баасы боюнча орток пикир табыла элек.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (BTo)

Ошондой эле Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынган.  

“Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз”, - деген Байгазиев “Азаттыкка”.

Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат. Кара-Кеченин көмүрүнүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет.

Ошентип, Кыргызстанда кышка даярдык эң жакшы жана алдыда даярдыктар күч.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости