www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кышкы суукта көмүр сатып алгыла...

Көмүр саткан жайлардын даректери жана баалары тууралуу маалымат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Бишкек мэриясы берилген мааалыматтарда шаардын төрт районундагы отун базаларында көмүрдүн эң төмөнкү баасы 4,7 миң сом, эң жогорку баа тоннасына 7 миң сом.

Ленин району:

Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;

Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;

«Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;

«Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;

Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;

ЖИ «Болотбеков», Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;

«Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;

Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көчөсү, 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:

Ак-Босого конушу, Профессор Зима 156а дарегинде бир кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;

Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;

Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;

Алтын-Бешик конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн мүшөгү 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;

Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде мүшөгү 280 сомдон;

«Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө мүшөгү 250 сомдон;

Месарош көчөсү, 96 дарегинде бир мүшөк көмүр 240 сомдон сатылууда;

Калыс Ордо конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө мүшөгү 250 сомдон.

Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

Достоевский көчөсү №1, «Шабыркүл» тоннасы 6200 сом;

айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

«Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын «Кара-Жыра» көмүрүнүн  тоннасынын баасы 6200 сом;

Кара-Жыгач конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;

Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү — Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости