www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу Анталияга болгон иш сапарынын алкагында «Günsu Enerji Sistemleri ve Konfor Tesisleri Sanayi ve Ticaret A.Ş.» компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Мустафа Караман менен жолугушту. Кездешүүдө Кыргызстандагы туризм тармагынын ыкчам өнүгүшү жана бул багытта Түркия менен стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Соода өкүл Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстанда туризм акыркы жылдары тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, мейманкана бизнеси, эс алуу комплекстери, аквапарк  объекттери сыяктуу тармактарда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфраструктураны түзүү зарылдыгын айтты. Бул багытта Түркиянын туризм инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн кошумча баалуулук жаратаарын белгиледи.

Ошондой эле Мустафа Караман компания буга чейин Казакстан, Грузия жана Азербайжанда ири масштабдагы туризм жана комфорт объекттери боюнча бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырганын айтып, Кыргызстан рыногуна кирүүгө кызыгуусу бар экенин билдирди. Ал Кыргызстан табигый кооздуктары, өсүп келе жаткан туризм потенциалы жана инвесторлорго каралган мүмкүнчүлүктөр менен түрк компаниялары үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кыларын баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстанда туризм инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап мейманканалар менен көңүл ачуучу комплекстерди куруу боюнча конкреттүү кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кароого өз ара даяр экендиктерин билдиришти. Бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы экономикалык жана туристтик кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Последние новости