www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (бажы транзитинин бажы жол-жобосу жана Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары) минералдык жер семирткичтерди алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Тыюу экспорттолууга тийиш болгон, мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана сапатына карата белгиленген талаптарга ылайык келбеген минералдык жер семирткичтерге карата колдонулбайт.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз алып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.