www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-сентябрда Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Омар Султанов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык корпустун жардамчы-маршалы Элеанор Макьюенге Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана ар кандай деңгээлдеги пландалган өз ара сапарлар талкууланды.
Омар Султанов Кыргызстандын жакында өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чараларына жана жогорку деңгээлдеги сапарларга токтолуп, өлкөнүн 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн алкагындагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ошондой эле 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык иштери башталганын маалымдады.
Өз кезегинде Элеанор Макьюен эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги артыкчылыктуу маселелер боюнча кыргыз тарап менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.
Тараптар Улуу Британиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү экенин эске алуу менен, бул багытта Кыргызстан менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Последние новости