www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматында Россиянын ИИМинин Эксперттик-криминалисттик борборунун адистери өткөргөн квалификацияны жогорулатуу курсун аяктаган кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.
Иш-чарага ИИМ министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев катышты.
Окутуу эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, эксперт-криминалисттердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө багытталды. Курстун жүрүшүндө соттук генетика, геномдук изилдөөлөр жана заманбап криминалистикалык технологияларды колдонуу боюнча билимдер берилди.
Иш-чарада Кыргызстан менен Россиянын эксперттик-криминалисттик кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошкон өкүлдөр да сыйланды.
Россиянын ИИМинин Эксперттик-криминалисттик борборунун башчысы, полициянын генерал-лейтенанты Вадим Казьмин «Кыргыз милициясына 100 жыл» юбилейлик медалы менен, ал эми борбордун адистери Максим Шанин жана Сергей Романов «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйланышты.
ИИМдин маалыматына ылайык, мындай окуулар соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга жана эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын тажрыйба алмашуусун кеңейтүүгө багытталган.