www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында алгачкы жолу уникалдуу маданий долбоор ишке ашырылып, Бишкек–Каракол багыты боюнча учуп бара жаткан учактын ичинде мода көргөзмөсү өткөрүлдү.

Көргөзмөнүн негизги бөлүгү белгилүү дизайнер Айпери Обозова тарабынан сунушталган автордук коллекция болду. Дизайнер көп жылдан бери кыргыздын салттуу орнаменттерин жана этникалык элементтерин заманбап стилде чагылдырып, улуттук маданиятты эл аралык деңгээлде таанытып келет.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан аэропорттору ААК (анын ичинде Манас эл аралык аэропорту), Asman Airlines авиакомпаниясы жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААК тарабынан колдоого алынды.

Көргөзмө түздөн-түз учуу учурунда өтүп, моделдер учактын салонунда жүрүш жасап, дизайнердин коллекциясын тартуулашты. Иш-чарага профессионал моделдер менен катар белгилүү блогерлер жана артисттер да катышты. Долбоордун өзгөчөлүгү — күтүлбөгөн форматта өтүшү: учактагы айрым жүргүнчүлөр үчүн бул көрсөтүү сюрприз болду.

Долбоордун демилгечиси жана идеялык жетекчиси — режиссёр, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Олеся Семикоз.

Бул долбоор Кыргызстанда гана эмес, жалпы региондо алгачкы тажрыйба болуп, өлкөнүн креативдүү индустриясынын потенциалын көрсөттү.

Последние новости