www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда никеге туруучу жарандар үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, никени каттоо үчүн жарандар ВИЧ-инфекциясына, В, С, D гепатиттерине жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга анализ тапшыруусу керек болот.

Долбоордо текшерүүнүн жыйынтыгы медициналык сыр катары сакталары, ал эми жубайлардын бири ооруну жашырса, экинчиси сот аркылуу никени жараксыз деп таба алары көрсөтүлгөн.

Авторлор бул чаралар инфекциялардын жайылышын азайтып, үй-бүлө курууда жоопкерчиликти жогорулатат деп эсептешет.

Последние новости