www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасы Москва шаарында өткөн “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” (Кубок основоположников самбо) аттуу эл аралык турниринде үч байге менен толуктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдештер 24–26-март күндөрү “Лужники” спорттук комплексиндеги Эл аралык самбо борборунда өтүп, ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 200дөн ашуун спортсмен катышты.
Жыйынтыгында кыргызстандыктар үч коло медаль жеңишти:
Алай Сартов (71 кг чейин) — спорттук самбо;
Жандос Эсенгазиев (79 кг чейин) — спорттук самбо;
Адил Туратбек уулу (64 кг чейин) — күжүрмөн самбо.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Армения, Азербайжан, Беларусь, Кипр жана Россия өлкөлөрүнүн күчтүү балбандары катышты.