www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 1-мартына карата, 26 миң 377 балага бир жолку "сүйүнчү пул" төлөмү төлөндү. Ал үчүн 105,6 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөрүн эске салышты. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт.

Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.

Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт.

Жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости