www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш абаны жакшыртуу багытында 50 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациядан өткөрдү.

Каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан пайызы жок 50 жылдык мөөнөткө алынат.

Макулдашуунун максаты абанын сапатын жакшыртуу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, турак үйлөрдү таза экологиялык каражаттар менен жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча чараларды илгерилетүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында абанын булганышын, топурак, суу, күйчүүчү майдын сапатын аныктай турган лаборатория салынат. Бишкекке абанын өзгөрүп жатканын аныктоочу автоматташтырылган 11 станция, датчиктер коюлат. Шаарды жашылдандыруу үчүн ирригациялык системалар оңдолуп, 20 жерден сууну бургулоочу скважина ишке кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости