www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда орусиялык ырчы Валерий Меладзенин концертине уруксат берилген жок. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, чечим чет элдик артисттердин концертин өткөрүү боюнча бекитилген жобонун негизинде кабыл алынган.

Министрлик билдиргендей, чет элдик ырчылардын репутациясы, алардын чыгармачылыгы коомдук моралдык жана укуктук нормаларга шайкештиги алдын ала текшерилет. Валерий Меладзенин концерттик ишмердигине анын өз өлкөсүндө чектөөлөр бар экени негизги себеп катары көрсөтүлдү. Ушуга байланыштуу уюштуруучуларга иш-чарага даярдыкты токтото туруу сунушталган.

Бул окуя Борбор Азияда орусиялык артисттерге болгон мамиленин өзгөрүп жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Согушту колдогон же ага каршы чыккан маданият өкүлдөрү коомчулукта талаш жаратып, алардын гастролдору көп учурда саясий жана моралдык сүзгүдөн өтүүдө.

Последние новости