www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, 10-декабрда Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында алты, үч жана бир жаштагы үч бир тууган көмүр исине ууланып каза болгону белгилүү болду.
Алардын 27 жаштагы апасы сегиз жаштагы кызы менен ооруканага түшкөн.
Бул факты Кара-Суу райондук милициясында каттоо алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Быйыл апрелде Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен ушундай жагдайда каза болгон.