www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн «Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү» эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү.
Ал өз кайрылуусунда маданий кызматташтык жана чыгармачыл индустрияларды колдоо бүгүнкү күндө гуманитардык багыттан чыгып, улуттук өзгөчөлүктү сактоонун, адам капиталын өнүктүрүүнүн жана мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү факторуна айланганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев Евразия мейкиндиги ири өзгөрүүлөрдүн босогосунда турганын айтып, экономикалык моделдер жаңыланып жаткан шартта маданий байланыштар элдерди бириктирген бекем көпүрө бойдон каларын белгиледи.
Анын айтымында, XXI кылымда бул байланыштарды инновациялар менен айкалыштыруу өзгөчө мааниге ээ.
МинКаб башчысы чыгармачыл индустриялар бай маданий мурасты реалдуу экономиканын бир бөлүгүнө айлантып, жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жогорку технологиялуу экспортту өнүктүрүүгө шарт түзөрүн билдирди.
Ошондой эле ал Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын жаңы синергетикалык модели калыптанып жатканын белгилеп, анда инсандын руханий өнүгүүсү негиз болуп, инфраструктуралык инвестициялар таянычка, ал эми чыгармачыл экономика өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычына айланганын айтты.
Анын маалыматына ылайык, 2021-жылдан бери маданият тармагына бөлүнгөн инвестициялар 32 миллион доллардан 105 миллион долларга чейин көбөйүп, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге жогорулаган. Ошондой эле 2022-жылы кабыл алынган «Чыгармачыл индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамдын негизинде парк резиденттери үчүн 1 пайыздык бирдиктүү салык режими киргизилип, учурда анда 165 резидент иш алып барууда.
Конференциянын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев КМШнын 35 жылдыгынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын жаңы санариптик муунга кеңири таанытуу демилгесин көтөрдү.
Мындан тышкары, ал жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүшү автордук укуктарды коргоо жаатында жаңы чакырыктарды жаратып жатканын белгилеп, Евразия өлкөлөрү үчүн интеллектуалдык менчикти коргоонун бирдиктүү эрежелерин жана санариптик механизмдерин иштеп чыгууга чакырды.
«Жасалма интеллект алгоритмдерди жаратат. Адам маанилерди жаратат. Элдерибиздин интеллектуалдык капиталын сактап, көбөйтөлү!» – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.