www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция өттү.

Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, ал эми монгол тараптан Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Монголиядан Кыргызстанга эт азыктарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Бул багытта ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана импорттолчу продукциянын белгиленген стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдирип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана биргелешкен демилгелерди алдыга жылдыруу үчүн үзгүлтүксүз диалогду улантуу боюнча макулдашышты.

Последние новости