www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде саркынды сууларды тазалоочу заманбап жабдууларды өндүргөн «Евролос» компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушууда суу чыгаруу инфраструктурасын жаңылоо, айрыкча рекреациялык аймактарда, туристтик кластерлерде жана борборлоштурулган канализациясы жок калктуу конуштарда жергиликтүү жана канализациялык тазалоочу курулмаларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министрликтин маалыматына ылайык, «Евролос» компаниясынын монолиттүү пластиктен жасалган жабдуулары биологиялык тазалоонун толук циклин камсыздап, убакыттын өтүшү менен герметикалуулугун жоготкон эски бетон септиктерге ишенимдүү альтернатива боло алат.
Жыйынтыгында тараптар техникалык маалымат алмашууну улантуу, Кыргызстанда пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кароо жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.