www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда катталган рублге байланган A7A5 стейблкоини кыска убакытта эл аралык криптовалюта базарында ири көрсөткүчкө жетти. Былтыр эле Бишкекте каттоодон өткөн бул токендин жылдык транзакциясы 100 миллиард доллардан ашты. Ал дүйнөлүк стейблкоиндердин бештигине кирип, кээ бир күндөрү TRON блокчейнде соода көлөмү боюнча экинчи орунга чыгып кеткен. Ошентип, A7A5 жыл ичинде дүйнөлүк крипторынокто аты чыкты. 

Бул токендин артында молдовалык ишкер Илан Шор турат. Ал Молдовада 1 млрд долларлык банктык алдамчылык үчүн соттолуп, кийин Орусияга качкан. A7A5 негизинен Орусиянын тышкы соода төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн колдонулуп, санкцияга кабылган банктар үчүн альтернативдик канал болуп кызмат кылууда.

Бир жылда A7A5 токенинин транзакциясы 100 млрд доллардан ашты. Капитализациясы 535 млн долларга жеткен. Былтыркы жылдын аягында жыл ичинде жүргүзгөн операциялардын көлөмү болжол менен 75–79 млрд долларга жеткен. Соодалоо көбүнчө санкциядан айланып өтүү максатында жүрүп жатканын каржы эксперттери белгилешет. 

Экономисттердин баамында, A7A5 – инвестициялык эмес, көбүнчө акчаны Орусиядан сыртка чыгаруучу санарип каражат. Кыргызстандагы мыйзамдар криптовалютаны расмий каттоого жана жүгүртүүгө мүмкүндүк бергендиктен, компаниялар Бишкекти тандашкан.

Последние новости