www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-апрелинде Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шри Берендер Сингх Ядав менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Индия жарандарынын эмгек укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун жолдорун белгилешти.

Мурадил Джумадилде уулу Федерация тарабынан чет өлкөлүк жумушчулардын эмгек укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан кеңири иштер тууралуу маалымдады. 

«Биздин максат — эмгек мамилелеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана ар бир чет өлкөлүк адиске өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишенимдүү курал берүү. Мигранттар кесиптик бирлиги Индия жарандарынын биздин өлкөдө иштөө процессинде пайда болгон юридикалык жана социалдык маселелерин ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берген аянтча болот», — деп белгиледи төрага.

Элчи Шри Берендер Сингх Ядав кызматташтыкка терең кызыкдар экенин билдирип, индиялык жарандарды коргоо маселеси өтө курч экенин белгиледи. Диалог учурунда элчи мигранттар туш болгон бир катар олуттуу көйгөйлөрдү атады: жумушка орношууда бир суммадагы айлык макулдашылып, иш жүзүндө кыйла аз төлөнгөн учурлар катталган; келишимдер түздөн-түз иш берүүчүлөр менен жетиштүү көзөмөлсүз түзүлгөндүктөн, алдамчылык жана милдеттенмелерди ак ниет аткарбоо коркунучу жогорулайт.

Көтөрүлгөн маселелерге жооп катары Мурадил Джумадилде уулу өлкөнүн экономикасындагы маанилүү өзгөрүүгө токтолду:

«Кыргызстан 30 жыл бою эмгек күчүн экспорттогон өлкө болуп келген, бүгүн болсо абал өзгөрдү — биз импорттоочу өлкөгө айландык. Бул бизге жаңы жоопкерчилик жүктөйт», — деди ал.

ККБФ төрагасы айтылган маселелер боюнча комментарий берип, көп учурда чет өлкөлүк жумушчулар келишимдердин маңызын түшүнбөй кол коюп, натыйжада төлөмсүз калып жатканын белгиледи. «Аткарылган иштин көлөмүнө жараша» төлөө системасы жана негизсиз айып пулдар айдын аягында адам өтө аз сумма алуу жагдайына алып келет. Ушуга байланыштуу эмгекчилерди маалымдоо иштерин күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү духунда жыйынтыкталды. Тараптар үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп туруу жана Кыргызстандын эмгек рыногун чет өлкөлүк жарандар үчүн коопсуз жана адилеттүү кылуучу механизмдерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.

Последние новости