www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн эл аралык эмгек рыногунда ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү жаңылык болуп, Кыргызстанда европалык кесиптик айдоочулук сертификаты — Code 95 алуу боюнча окуу программасы ишке киргизилгени кабарланды. Бул демилге президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашып, жарандарга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө барбастан эле керектүү квалификацияны алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
— Оор жүк ташуучу айдоочулар үчүн жакшы жаңылык менен бөлүшөбүз. Европалык айдоочулук сертификатын (Code 95) алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат.
Президентибиздин койгон тапшырмасына ылайык Европа тарап менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы ийгиликтүү жыйынтыкталып, анын негизинде Кыргызстанда европалык кесиптик айдоочунун сертификатын — Code 95 алуу боюнча окуу программасын ишке киргизүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
Окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Бул эң негизгиси биздин жарандарга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө барбастан эле, ортомчусуз, керектүү квалификацияны алууга мүмкүнчүлүк түзүп, убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартат. Бизге жеткен маалыматка ылайык Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө дагы Code 95 алууда да ортомчулар пайда болуп, чыгымдар 3000 еврого чейин чыгып жатыптыр.
Мындан тышкары, аталган компания тарабынан жарандарды Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу иштери да жүргүзүлөт. Мисалы, европалык компаниянын маалыматына ылайык, бир гана Германияга быйыл 500 миң оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынат.
Code 95 сертификаты — Европа Биримдигинде жүк жана жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочулар үчүн милдеттүү талап.
Бул сертификатка ээ болгон жарандар Европа Биримдигинин аймагында расмий түрдө иштей алышат жана окутуу эки форматта жүргүзүлөт:
— 1 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрына чейин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.
Бул курс болжол менен 35 сааттык теориялык окутууну камтыйт. Мындан тышкары, ушуга жакын көлөмдө практикалык сабактар да болот.
— 3 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрынан кийин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.
Кыргызстанда окуудан өткөндөн кийин, айдоочулар Европага барганда кошумча экзамендерсиз жана кошумча окутуусуз эле Code 95 сертификатын ала алышат. Code 95 сертификаты улуттук айдоочулук күбөлүк менен бирге көрсөтүлгөндө жарактуу болот, - билдирди Каныбек Туманбаев.