www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-августтан тарта Кыргызстандын айрым аймактарында учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонууга убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу киргизилүүдө.
Чектөөлөр төмөнкү мөөнөттөрдө жана аймактарда колдонулат:
🔹 27-августтан 10-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында;
🔹 10-сентябрдан 15-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарында дрон учурууга чектөө киргизилет.
Жарандык авиация агенттиги жарандарды белгиленген талаптарды сактоого жана көрсөтүлгөн аймактарда дрондорду колдонбоого чакырды.