www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге криптовалютаны сатууга, сатып алып жана алмаштырууга уруксат берүү каралып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга Экономика жана коммерция министрлиги чыгарды.
Документте мындай кадам криптовалюта менен акча которуулардын жана салыктын көлөмүн көбөйтүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, финансылык жаңычылдыктардын борбору катары Кыргызстандын кадырын көтөрүүгө жол ачары айтылат.
Бүгүнкү күндө финансы-кредиттик мекемелер виртуалдык активдерди которууга, сактоого жана аларды сатууга көмөктөшүүгө гана укуктуу. Криптовалютага байланышкан кызматтарды толук көрсөтүүгө бул жетишсиз экени белгиленген.